14-июнда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан жалпысынан 170 спортчу катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда кыз-келиндер жана уландар арасында бир катар салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Уландар арасындагы жеңүүчүлөр:
60 килограмм салмакта - Искендер Өскөнбеков
70 килограмм салмакта - Темирлан Самарбеков
80 килограмм салмакта - Эсенбек Кудайбердиев
90 килограмм салмакта - Чыңгыз Чалабаев
100 килограмм салмакта - Абдыгапар Абдилпаиз уулу
100 килограммдан жогорку салмакта - Кубанычбек Көкүмов
Кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөр:
52 килограмм салмакта - Мадина Надирова
58 килограмм салмакта - Мээрим Момунова
66 килограмм салмакта – Бүбүсайра Абдилманап кызы
76 килограмм салмакта - Назира Арзыбекова
76 килограммдан жогорку салмакта - Нагира Сарбашова