13-июнда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда нарындык “Ала-Тоо” клубу менен бишкектик “Кейжи Юнайтед” клубдары кез келишти. Мелдеште өз дарбазаларына эң көп гол өткөргөн бул эки команданын оюнунда тиреш курч болуп, жыйынтыгында "ала-тоолуктар" жеңишке жетишти (1:0 эсебинде). Бул нарындык клубдун сезондогу экинчи жеңиши. Буга чейин клуб ушул эле атаандашын утуп, 3 упайга ээ болгон.
*
