Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча улуттук кураманын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны өтүп жатат. Анда улуттук кураманын машыктыруучусу
Александр Крестинин төмөнкүлөргө токтолду:
"Австралия, Кытай сыяктуу Азиядагы мыкты командаларга каршы бизде тажрыйба жетишпейт. Ошентсе да биз бул беттешке мыкты даярдык көрүп жатабыз. Албетте, биз үчүн бул мелдеште бардык оюндар маанилүү. Бизде маанай жакшы".
Кошумчалай кетсек, Австралия менен кыргыз мамлекетинин курамалары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында ойнойт. Оюн 16-июнда 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат.