Футбол боюнча улуттук кураманын тумары болуп Ак шумкар табылды

Футбол боюнча 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна катышып жаткан улуттук кураманын тумары Ак шумкар болмокчу. Тумар менен бүгүн, 15-июнда маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү тааныштырышты. 
Улуттук курам муну менен "Ак шумкарлар" деген каймана атка ээ болот жана бул Ак шумкар улуттук курама өз үйүндө беттеш өткөргөндө майданда пайда болот. Ак шумкарды эртең, 16-июнда Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Австралия менен болгон беттеште да көрүүгө болот. Беттеш 20:00дө башталат. 
Кошумчалай кетсек, спорт тармагындагы тумарды Олимпиада оюндарынан улам көпчүлүк жакшы билет. Тумарды көбүнчө мелдешти өз жеринде өткөргөн мамлекет мелдешти жарнамалоо, мелдештин сапатын көтөрүү жана спортчуларга, күйөрмандарга ишеним берүү максатында колдонушат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nursultan1
2015-06-15 18:34:52
Оруска окшошуп калыптыр
0
Bilal2013
2015-06-15 18:59:42
Ак шумкар эмес эле индюктун балапаны болуп калган го...:) жакшыраак жасашса болмок экен..
+2
adilet85
2015-06-15 19:31:23
Тим эле койбоптурда же жакшынараак кылып жасаш керек болчу мультфилмге окшоштурбай жөн эле эмблемасын футболкага түшүрсөда болотда
+1
Ruslan_d
2015-06-15 21:12:10
Мунун автору ким экен? Жакшына жасабайбы кичине корктурак кылып
+1
Sake80
2015-06-15 22:33:06
Сариевдин партиясы кара шумкар болсо кара шумкар деп коюшат экенда.Кошомат да чеги менен болот да
+3
DIMARAT
2015-06-16 00:22:07
ак шумкар дебей еле койсо болмок ушу сариев келери менен баштаптыр
+1
abai
2015-06-16 02:43:36
Surduu shumkar kylyp jazavaisynarby??? Tan goru komandanyn akvalyna karap jasawgango
0
munarbek9119
2015-06-16 12:41:51
илбирс жакшы болмок менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан