Бүгүн, 15-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо
Тим Кэхилл баштаган Австралия курамасы машыгуу өткөрүп жатат. Машыгууга туура 23 футболчу катышты жана алар башта майданга чыкпай, дене-боюн жазган чакан машыгуудан өтүштү. Австралиялыктардын машыгууда пайдаланган шаймандары, алдына төшөлгөн килемчелери көптөргө кызык болду.
Океандын ары жагынан келген кураманын күйөрмандары Дөлөн Өмүрзаков стадионунун майданы жакшы эмес экенин айтышты. "Мындай майданда көп атаандаштарды утуу мүмкүн" деген да сөздөр болуп жатты.
Кошумчалай кетсек, футбол боюнча улуттук курама Австралия курамасы менен эртең, 16-июнда беттешет. Беттештин башталышы 20:00гө туураланган.