Кыргыз-кытай чек арасында 16 миң доллары тууралуу документи жок кытайлык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 15-июнда “Эркеч-Там-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны кармалган. Анда Ош-Кашкар автобустук каттам боюнча түзүлгөн документтеринин арасында жанындагы 16 миң доллар акча каражаты жөнүндө маалымат көрсөтүлбөгөнү белгилүү болгон.
Тийиштүү иш-аракеттерден кийин алынган акча каражаты КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.