Кыргыз футболчулары менен Австралиянын беттеши алдында Бишкекте 600дөй күйөрман катышкан жөө жүрүш пландалууда

Бүгүн, 16-июнда Бишкекте кыргыз футболчулары Австралия курамасы менен беттешет. Бул беттеш алдында Бишкекте 600дөй күйөрман катышкан жөө жүрүш өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күйөрмандар кыймылынын өкүлү Чынара Сабырова билдирди. 

Анын айтымында, кызыл түстөгү кийим кийген күйөрмандар 17:00дө "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс оттун жанына чогулушат. Андан соң чогулгандар бир топ көчөнү кесип өтүп, беттеш өтө турган Дөлөн Өмүрзаков стадионуна 19:00дө келип калууну пландап жатышат. "Алдын ала мэрияга кат жазып, жөө жүрүш уюштурганга уруксат алдык. Жүрүштө кыргызча жана орусча ураан айтабыз. Биздин желектин өңүнө карап бул жүрүшкө кызыл түстө кийинип чыгууну туура көрдүк. Катарыбызга кошулууну каалагандарга кызыл түстө кийинип келүүнү сунуш кылабыз",- дейт Ч.Сабырова. 

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда орун алчу беттеш 20:00дө башталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
fanatkg
2015-06-16 12:15:57
Орусча ураанды тек эле койсо болбойбу?
-3
Lintel
2015-06-16 12:35:56
fanatkg, себеби киргиздер тушунбой митинг экен деп ойлобошу керекго.
0
aash
2015-06-16 13:14:03
fanatkg,Бул беттеш кыргыздар эле учун эмес, КЫРГЫЗСТАНдыктар учун. Кыргызстан коп улуттуу.
+1
Bors
2015-06-16 12:41:34
Ары жоктор десе как будьто финальда ойноп аткансып. Финальга чыкса барбы 1 ай жоо журушотко булар.
-10
aash
2015-06-16 13:05:23
Bors,Коро албастык. Сен айткандай финалга чыкса 1 ай эмес 1жыл чыкса дагы оздорунун эрки.
+5
aika1405
2015-06-16 13:50:22
Bors, финал деп эле жазчы обу жоктонуп финаль дебей.
+2
Danel
2015-06-16 12:51:05
Bors, Ары жоктор эмес, эн туура иш жасап жатышат!
Башка олколордо курама командасы ойносо иш убактысын токтотуп турушат президенти баш болуп!
Кичине ПАТРИОТТУК сезимда болуш керек тууган!!!
+7
Eraly___
2015-06-16 12:55:36
Туура эле иш болуп жатат.
+2
berdishov89
2015-06-16 13:00:31
Кудайым колдоп кыргызстаным женип алсын !!!
+2
33SUUN
2015-06-16 14:58:31
Потриот болуп? Уруш талаш,хулиганствонун баары ушул футболдун фанаттарынан чыгат.Европаны туураштын бизге кереги жок болчу.Жонг
-4
Maksat81
2015-06-16 16:43:27
Алга кыргызстан, Австралия менен беттештин озу чон сыймык, кыргызстан керек болсо борбор азия олколорунон да алдыга чыга алган эмес.Сынайт десе сынай бербей, бул жакта кээ бироолор кыйратып коюшкансып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан