Бүгүн, 16-июнда Бишкекке Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Азиянын Олимпиадалык кеңешинин башчысы Шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабах келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бир күндүк сапарында спорт ишмерлери өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Кечинде Бах жана Аль-Сабах КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин кеңсесинде болушат. Ал жерде алар комитеттин президенти Шаршенбек Абдыкеримов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов менен жолугат. Ошондой эле Олимпиада комитетинин музейинин ачылышына катышышат.