Бүгүн, 16-июнда орун ала турган кыргыз футболчулары менен Австралиянын беттешин Катардан келген калыстар тейлешет. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда калыстык милдет Хамис аль-Марриге тапшырылды. Башкы калыстын жардамчылары катары майданга анын мекендештери Талеб аль-Марри жана Жума аль-Буршаид чыгат.
Кошумчалай кетсек, беттеш 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүүдө. Беттешке 20:00дө старт берилет.