Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык кеңешинде 16-июнь күнү кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага аталган аймактын бардык кварталдык комитеттеринен 20 жаштан 65 жашка чейинки курактагы кыз-келиндерден куралган 7 команда катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, Керме-Тоо аймактык кеңешинин демилгеси менен улуттар аралык ынтымакты, достукту чыңдоо, аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу максатында биринчи жолу спорттук мелдеш өтүп жатат. Мелдешти өткөрүүгө аймактагы ишкерлер демөөрчүлүк кылышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.