Футбол: Кыргыз футболчуларынын дарбазасына Австралия командасы 1 гол киргизди
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо азыркы учурда Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол командаларынын беттеши өтүүдө. Австралиялык футболчулар кыргыз курамасынын дарбазасына 1 гол киргизүүгө жетишишти. Эсепти оюндун 2-мүнөтүндө Миле Единак киргизди. Оюн кызуу маанайда уланууда. Бир гол өткөрүп жиберген кыргыз өлкөсүнүн оюнчулары чымыркана жооп кайтарууга аракет кылышууда.
Кыргызстан - Австралия 1:2 (бардык голдор 16.06.15)
Автор: Автандил ДобулбековФото: Максат Кудайбердиев