Австралия курама командасы кыргыз оюнчуларынын дарбазасына 2-голду киргизди.
Томми Оар киргизген гол менен эсеп азырынча 2:0.
Кыргыз оюнчулары оюн талаасында бир катар кооптуу абалдарды жаратканы менен, атаандаштардын дарбазасына топ киргизе албай жатышат. Негизинен топко ээлик кылуу, стандарттык абалдарды пайдалануу боюнча кыргыз өлкөсүнүн курамасы алдыда.
Беттештин экинчи бөлүгү уланууда, оюндун аякташына 20 мүнөткө жетпеген убакыт калды.