"Кыргыз футболчулары ушул курамда көп оюн өткөрүшсө, ийгилик жаратышат" дейт Австралиянын машыктыруучусу
Австралия менен кыргыз футболчуларынын беттешинен кийин Австралиянын курамасынын башкы машыктыруусу Ангелос Постекоглунун катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Адис бул күнү анын командасы көздөгөнүнө жеткенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду: "Албетте, мыкты оюн болду. Ийгиликтүү оюн алып барган кыргыз футболчуларын жана экинчи таймда командалык оюнга өзгөртүү киргизе алган машыктыруучуну куттуктайм. Алдыда кыргыз өлкөсүнүн курамасына ийгилик каалайм. Бул курам дагы көп оюн өткөрө турган болсо, тайпадагы Иордания, Тажикстан сыяктуу атаандаштарына бир топ кыйынчылык туудурат".
Кыргызстан - Австралия 1:2 (бардык голдор 16.06.15)
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев