Кыргыз мамлекетинин футбол курамасынын машыктыруучусу оюнчулардын бирден көп гол киргизбегенине нааразы

Кыргыз мамлекетинин курамасы Австралия курамасына утулуп калгандан кийин (2:1 эсебинде) улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчуларга бир аз нааразычылыгы бар экенин жашырган жок. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып гол киргизүүдөгү чеберчиликти өнүктүрүү керектигин белгиледи. "Мен оюнчулардын беттешке толук өзүлөрүн арнаганына каршы сөз айта албайм. Ошентсе да биз бирден көп гол киргизишибиз керек болчу. Эми бир оюнда көп нерсеге жетишүү мүмкүн эмес. Башкысы, биз эмгек кылып жатабыз жана алдыдагы оюндарда гол киргизүү жагынан ийгиликтүү болгонго аракет кылабыз",- деди ал. 
Ал эми кийим которуучу бөлмөдө футболчулар менен машыктыруучунун ортосунда биринчи таймдан кийин жана оюндан кийин кандай сөз болгонун адис ачыкка чыгарган жок. "Ал жакта футболчу менен машыктыруучуга тиешелүү сөз болду. Кийим которуучу жайда айтылган сөз ошол жерде калыш керек, мен аны ачыкка чыгара албайм",- деди А.Крестинин. 
Кыргызстан - Австралия 1:2 (бардык голдор 16.06.15)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
medina.
2015-06-17 01:36:10
Александр байке,ушул жагына эле шугур кылып туралы.Дагы жакшы 7:1 утулбаганды айтсаныз)))мындан ары да жакшы жетишкендиктерге аракет кыла бериниздер кыргыз эли учун.
+9
Nurluujan16
2015-06-17 01:46:31
Рахмат кыргыз футболчулары!!!! Жакшы оюн тартууладыңар! Ийгиликтер алдыда!!!
+7
Aseiin
2015-06-17 02:20:14
Оюнга бир да соз жок, жакшы ойношту, прессинг, давление, создание улуттук курама командага татыктуу оюн!!! Ушул жолдо уланса группадан чыгат деп ойлойм.
+3
Ruslan_d
2015-06-17 03:47:06
Жакшы тактика тандапсыз. Эн туура айтат мындай камандалар менен болгон оюнда болгон шансты 100% колдонуш к.к
+1
universal
2015-06-17 04:16:20
Землянухин Мурзаев и все все все Азаматтар
+1
jora-jora
2015-06-17 07:35:04
Жакшы 2-1 эсебинде утулду. Озбекистан австралядан 8-0 эсебинде утулган
+6
nursultan1
2015-06-17 09:13:09
jora-jora, 6-0
+4
namazbek__92
2015-06-17 10:00:07
nursultan1, oa. al 4 jyl murdaky oyun . nu birok oshondo da jakshy oinoshkon aziyalyk chempionatta 4 mestany alyshkan. bizdin Kyrgyzstan azyrcha myndai iri turnerlerge katysha elek. Albette kelechi bar
+2
namazbek__92
2015-06-17 09:58:36
jora-jora, men Uzbekistantandy jamandabait bolchumun. sebebi alar futboldu onukturuu boyuncha Asia kontinenti boyuncha en aldynky orunda baratkan mamleketterdin biri. azyr alardy gruppasynda negizgi fovarit ozdoru.
+2
BAYAW-KG
2015-06-17 10:15:45
Александр Крестинин да жакшы машыктырыптыр. моладец сизге азия чемпиондоруна каршы чыгып гол киргизуу да онойбу... бир оюн менен эле жашоо бутпойт да эмики оюндарда ийгиликтерди кутобуз.
+1
maalym
2015-06-18 09:52:38
кыргыз футболу чын эле сенсация боло алды, мүмкүн Кыргызстанда болгону үчүндүр,аябай кубанычтамын жана албан ийгиликтерди каалайм.......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан