16-июнда Бишкекте күндүн көптөн күтүлгөн окуясы катталып, футбол боюнча улуттук курам Австралияга каршы беттеш өткөрдү. Бул беттеш 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүп, 2:1 эсебинде коноктор
жеңишке жетишти. Улуттук курамды колдоо үчүн келген күйөрмандар стадионго толуп, айрым маалыматтар боюнча, 18 миңге чукул адам оюнга стадиондон көз салып отурду. Кызыгы, бул беттешке кирүү үчүн билет сатып алган миңдеген күйөрмандар стадиондун тышында калып калышты. Бул билеттер боюнча текшерип киргизип жаткандардын катасы деп айтылып жатат. Колунда билети туруп оюнга кире албай калган көпчүлүк стадиондун тегерегинде чуу уюштуруп, стадион тарапка суу куюлган шишелерди, таштарды ыргытып жатышты. Атүгүл стадиондун бурчунда жайгашкан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин терезелерине таш ыргытып, сындырганга жетишишти. Мүмкүнчүлүгү барлары стадиондун тосмосунан секирип кирип жатышты. Ал эми КРнын Футбол федерациясы азырынча бул окуя боюнча билдирүү жасай элек.