16-июнда Бишкекте кыргыз футболчулары Австралияга каршы туруп, 2:1 эсебинде утулуп калышты. Анда австралиялыктардан Миле Единак менен Томми Оар айырмаланса, кыргыздардан көңүл жубатуучу топту Алмаз Мирзалиев киргизди.
Учурда көпчүлүк күйөрмандар голду Алмаз киргизгенин же Азамат Байматов киргизгенин талдап, талашып жатышат. Алмазга байланышканыбызда, ал топту дарбазага багыттаганын жана топ дарбаза сызыгын кесип өткөн соң колуна тийгенин айтып берди.
"Гол кирген эпизоддо Азамат Байматовдун чыгарып берүүсү мыкты болду. Мен ыңгайлуу орунда туруп калганым үчүн топту дарбазага багыттаганга жетиштим. Топ дарбаза сызыгын кесип өткөндөн кийин колума тийди.
Ооба, "Голду ким киргизди?" деген суроо азыр деле берилип жатат. Бул суроого Азия футбол конфедерациясы толук чекит коёт деп ойлойм, анткени алар карап чыгып, голду ким киргизгенин расмий түрдө аныкташат. Ошол биздин курама киргизген гол кимдин атына жазылганы анча маанилүү болбосо керек. Башкысы, биз Азия чемпиондору менен тең тайлаша ойной алдык",- деди Алмаз.