Футбол федерациясы билет алып, бирок футболдук беттешке кирбей калгандардын акчасын кайтарып берүү жагын ойлонот

КРнын Футбол федерациясы атайын жыйын өткөрүп, билети бар туруп Австралия менен Кыргыз Республикасынын курамаларынын беттешине кире албай калгандардын маселесин карап чыгат. Бул тууралуу федерациядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул беттеште миңдеген күйөрмандар стадиондун тышында калып калышты. Федерациянын жыйынында алардын акчаларын кайтарып берүү боюнча маселе каралат. Бул үчүн күйөрмандар билеттерди жоготпой турууга тийиш. 

Кошумчалай кетсек, 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өткөн беттеш 2:1 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан