16-июндагы футболдук беттеш маалында унаа, имарат жабыркап, ооруканага жеткирилген адамдар болду

16-июндагы футболдук беттеш маалында унаа, имарат жабыркап, ооруканага жеткирилген адамдар болду. Бул тууралуу окуялардын күбөлөрү айтып беришти. 
Маалым болгондой, Дөлөн Өмүрзаков стадионунун алдында күтүп, стадионго кире албай калган күйөрмандар таш, суу толтурулган шишелерди ыргытып жатышты. Жыйынтыгында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин имаратында терезе сынды. Ошондой эле "Тез жардам" кызматынын унаасына таш тийип, аны айдоочулар далдоо жерге токтотууга мажбур болушту. Түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилгендер да болду. Стадионго кире албай калган айрым футбол сүйүүчүлөрү ыктыярчыларга жини келип, аларга тиш кайраганын да айтышты күбөлөр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан