Футболдук беттеш өткөн стадиондон футболчулардын өнөрлөрүнөн тышкары эл ичинен чыккан таланттарды да көрүүгө болот. Мисалы, айрымдар элди хор менен кыйкыртканга маш болсо, айрымдар массалык түрдө "Мексика толкунун" (көрүүчүлөрдүн баары чогуу колун көтөрүшөт) жасатканга шашылышат.
Кыргыз футболу да мындай таланттардан куру эмес экенин кечээ, 16-июнда Австралияга каршы оюнда көрө алдык. Анда
Чора мырза (чыныгы ысымын айтуудан баш тартты) 1-таймдан кийин эл ортосунда укмуш бийлеп, элдин көңүлүн көтөрдү. Азыр баары ушул өзгөчөлүктү талкуулап, позитивдүү аракети үчүн аны мактап жатышат. Бир заматта интернет жылдызына айланган Чора мырза бул окуясын жылмайып эстеп, бүгүн
SUPER.KG порталына эксклюзивдүү маек курду.
- Сиз бул беттеште кандай жыйынтык күттүңүз эле?
- Мен Австралия биздин команданы 4:0 менен утат го деп ойлогом. Бирок кыргыз жигиттери азаматтар, дагы кайталайм, азаматтар! Оюнчуларга аябай суктандым. Просто красавчики! Башка сөз жок.
- Бийлеп күйөрмандык кылам деп келдиңиз беле же оюн учурунда берилип кеттиңизби?
- Биздин футболчулардын ойногонун көрүп кармана албай калдым. Анан бийлеп салбадымбы (күлүп). Бул мындай болду. 1-тайм бүткөндөн кийин музыка башталып кетти. Негизи, музыканы жакшы көрөм, ошол маалда мекенибизге болгон патриоттук сезимим күчөп, бийлеп жибердим.
- Бийдин аты эмне?
- Аты деле жок го, ошол жерден эле музыканын ыргагына жараша кыймылдадым да.
- Бат эле интернеттин жылдызына айландыңыз. Бул нерсе сизге кандай таасир калтырууда?
- Маселе жылдыз болууда деле эмес да, маселе жүрөктө. Мен интернетте жылдыз болгонум тууралуу ойлонгон да жокмун. Менин бийим жүрөктөн чыккан нерсе болду да. Жүрөктөн чыкты, ошону жасадым, болду, башка сөз жок.
- Кыргыз курамасы эми беттешке Австралияга барат эмеспи. Сиз да барасызбы?
- Албетте, барам. Алга, Кыргызстан! Ал жакта дагы кыргыз оюнчуларын колдоп турам, буюрса.
- Москвадан атайын ушул футбол үчүн мекениңизге келипсиз. Ал жактан жубайыңыз нааразы болгон жокпу?
- Жок. Мен футболду сүйөм, футбол - менин жашоом.
- Анда SUPER.KG үчүн оригиналдуу бийиңизди бийлеп бербейсизби?
- Макул, бийлеп берейин... (бийдин видеосун "Супер ТВ`дан" көрө аласыздар)
- Бийиңизге жана кызыктуу маегиңизге рахмат!