Бишкектин Октябрь районунда мектеп лагерлеринин окуучуларынын арасында мелдеш старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара “Биз баңгиликке каршыбыз!” ураанынын астында №88-мектеп-гимназиясында башталды. Ага жалпысынан 300дөй бала катышат. Ал футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, дартс жана шашка боюнча өткөрүлөт.
1-3-орунду алган катышуучулар Октябрь райондук администрациясынан дипломдор, кубоктор жана атайын белектер менен сыйланышат.