Бүгүн, 17-июнда КРнын Футбол федерациясында Австралияга каршы футболдук беттеш тууралуу маалымат жыйыны өтүүдө. Ага оюнду көрүүгө билет сатып алышып, бирок стадионго кире албай калгандар, журналисттер катышууда.
Федерациянын президенти Семетей Султанов бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтты. Ал эл алдында кечирим сурап, айрымдар кимдир бирөөлөрдүн стадионго кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, баш аламандык уюштурганын белгиледи. "Биздин өлкөдө мындай деңгээлдеги оюн 30 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Биздин кызматкерлер уюштуруу иштери менен жүрүп үч-төрт күн укташкан жок. Анан мындай кырдаалда бизди айыптоо туура эмес. Федерация баары аныкталмайынча эч кимди айыптабайт. Менин бир туугандарым да стадионго кире албай сыртта калышты",- дейт Султанов.