Улуттук курамдын футболчулары элди Футбол федерациясын айыптабоого чакырышты
Бишкекте бүгүн, 17-июнда футболчулардын катышуусунда маалымат жыйыны өттү. Улуттук курамдын футболчулары Кыргыз Республикасы-Австралия беттеши учурунда стадиондо түзүлгөн жагымсыз кырдаал боюнча Футбол федерациясын айыптабоо боюнча кайрылуу жасашты. Иш-чарага Валерий Кичин, Антон Землянухин, Алмаз Мирзалиев, Тамерлан Козубаев сыяктуу футболчулар катышып, "билип-билбей туруп федерацияны айыптоо туура эмес" дешти алар.