Орусияда өткөн кармашып урушуу мелдешинде кыргыз спортчулары 7 медаль тагынышты

13-14-июнь күндөрү Орусиянын Кисловодск шаарында кармашып урушуу боюнча кыргыз спортчуларынын катышуусунда ири мелдеш өттү. Анда уруш түрүнүн FCA-ММА түрү, тактап айтканда, эркин кармашып урушуу спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мелдештин катышуучусу Жайыл Жакшылык уулу кабарлады.

Анын айтымында, мелдеште спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында Дүйнө Кубогу, ал эми профессионалдар арасында Дүйнө чемпиондугунун куру ортого коюлган. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары 7 медаль тагынып (1 алтын, 4 күмүш, 2 коло), 15 өлкөнүн ичинен командалык эсепте 3-орунду багындырышты. Алдынкы 2 орунду Орусиянын жана Тажикстандын спортчулары багындырышты.

Мелдеште спорт сүйүүчүлөрү арасында 60 килограмм салмакта Ырыскулбек Исмаилов алтын, Адилет Сарынтаев күмүш тагынды. 65 килограмм салмакта Белек Шарип уулу 3-орунду ээлесе, 71 килограмм салмакта Араб Надыров күмүш байге тагынды. Дагы бир колону 84 килограмм салмакта Бакыт Кадыров алып келди.  

Ал эми профессионалдар арасында чемпиондук кур үчүн беттешке чыккан Жакшылык уулу Жайыл (71 килограмм) менен Бакыт Кадыров (84 кг) финалдык беттештерин уттуруп, күмүш медалдарды тагынышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
don_quixote
2015-06-18 16:31:04
Равшан го
0
misster88
2015-06-18 23:41:25
ООО азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан