Спорт ишмерлери 77 жылдык тарыхы бар Д.Өмүрзаков стадионунун ордуна эл аралык стандарттагы стадион салууну суранышууда

Улуттук кураманын коргоочусу Азамат Байматов мамлекетибизге эл аралык стандарттагы стадион керек экенин белгиледи. Футболчу коңшу өлкөлөр андай стадиондорду эбак салып алышканын айтты. Бул маселеге КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев да кенен токтолуп, азыркы стадиондо ойноодо чоң тобокелчилик бар экенин жашырган жок. “Бизге жаңы стадион керек. Дөлөн Өмүрзаков стадионун Австралия менен болгон беттеш алдында оңдоп-түзөп чыктык. Оюнга чейин элдин көптүгүнөн стадион кулап калат деген коркунучтар да болгон. Беттеш эл аралык талапка жооп берген стадиондо, башка өлкөдө болуп калышы мүмкүн эле. Коомчулук бизге жаңы стадион керек экенин түшүнүп, бийликтен суранганыбыз жакшы”,- деди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов жаңы стадион салууда 350-500 миллион доллар керектелерин айтты. Анын айтымында, алгач стадион салуу ниети болуш керек.

Кошумчалай кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион 1938-жылы ишке берилген. 1962-жылы болсо кайра куруу иштери жүрүп, стадион кеңейтилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Patriot...kg
2015-06-19 12:50:20
Жаңы стадион керек
+3
maestro123
2015-06-19 13:04:57
Жаңы стадион керек да албетте. Футболду өнүктүрсө мамлекетке эң сонун болот.
+1
maestro123
2015-06-19 13:07:22
500 миллион долларга окшогон акчанын канчасы керексиз жумшалып кетти жана кетип жатат.
+1
jigit.paren
2015-06-19 13:33:25
салыш керек, эми дагы бир кенкелестер чыгат да ошончо акчага башка нерсеге жумшаса болмок деп.
+1
ainuska00
2015-06-19 14:10:55
бул стадионду сактап,башка жака салышса да жакшы болот менин оюмча.
+3
Wolf_ero
2015-06-19 15:01:03
Стадион керек,салып бергилеечи.
0
nursultan1
2015-06-19 16:37:49
Биринчи Спартак стадионун капиталдык оңдош керек
0
eldar96
2015-06-19 17:57:06
ушул жерден да жегиси бар булардын, мен адашпасам 100 миллон долларга 50-60 миндик киши бата турган керемет стадион куруп койсо болот, а булар каяктага 400 миллионду айтышат.
0
make2
2015-06-19 18:57:45
башка жерге салыш керек, бузбаш керекта аны ремонт кылып койсо болот
+1
aash
2015-06-19 21:49:15
Башка жерге салуу керек дегенге мен да кошулам. Баса айта кетмекчи Ата-Турк багы таланып атат деп эле какшанышат, точка койгон киши жок. Мына ошол жерге заманбап стадионго жер кесилип берилсе, далайлардын атаандаштыгы токтоор эле.
0
Hernandez
2015-06-19 22:23:55
Ар бир областтын борборуна бирден заманбап 50-60 мин адамга ылайыкталган стадион куруш керек. Футболду онуктуруп дуйного тааныла алабыз
0
make2
2015-06-20 00:03:27
Интернеттен карасанар 100 милионго жетпеген акчага салынгандар бар экен 20милионго 100 мин кишиликтер бар экен
0
richman.kg
2015-06-20 05:01:31
стадион куруш керек. Себеби спорт жана маданият мамлекттин биринчи статусу болот. Башка стадион куруш эскисин калтырыш керек дегенге кошулам. Эски стадионду бузбай аны тарыхта калтырыш керек. Жок дегенде Бишкеке жана Ошко салып берсе мыкты болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан