Ички иштер министрлигинде иштеп кеткен У.А. Хундай Старекс унаасы менен маңзат ташып бараткан жеринен Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу 20-июнда Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Текшерүү учурунда унаанын ичинен 9 килограмм героин табылган. Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы айтылды. Ал эми факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.