17-20-июнь аралыгында сууда сүзүү боюнча Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Ачык Кубогу болуп өттү. Мелдешке Кыргыз Республикасынын, Орусиянын жана Казакстандын спортчулары катышты.
КРнын Сууда сүзүү федерациясынан кабарлашкандай, анда кыргыз спортчусу Дарья Таланова 200 метр аралыкка сүзүүдө брасс стилинде коло медаль тагынды. Бул мелдеш кыргыз спортчуларынын август айында Татарстанда өтчү Дүйнө чемпиондугуна даярдыгынын бир баскычы болду.