Учурда Чилиде футбол боюнча Америка кубогу үчүн мелдеш өтүп жатат. 11-июнда старт алган мелдеште чейрек финалчылар аныкталды. Ошондой эле кайсы командалар жарым финалдык жолдомону өз ара талашат, оюндар качан болору белгилүү болду.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, тарыхта 44-ирет өткөрүлүп жаткан мелдешке Латын Америкасында жайгашкан 10 өлкөнүн, Түндүк Америкадагы 2 өлкөнүн курамалары катышууда. Мелдешти утуп алган латын америкалык команда 2017-жылы Орусияда өтүүчү Конфедерация Кубогуна катышуу укугун алат.
Чейрек финалдык беттештер:
24-июнь: Чили - Уругвай
25-июнь: Боливия - Перу
26-июнь: Аргентина - Колумбия
27-июнь: Бразилия – Парагвай
Кошумчалай кетсек, жарым финалдык оюндар 29-30-июнда болот. Ал эми 3-орун ээси 3-июлда аныкталса, финалдык беттеш 4-июлга туураланган.
*