Учурда Астана шаарында Казакстандын президентинин кубогуна арналган футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке 17 жашка чейинки курактагы футболчулар катышып жатышат. КРнын Футбол федерациясынан маалымдашкандай, кыргыз футболчулары мелдештеги алгачкы беттеште кечээ, 22-июнда Казакстандын оюнчуларына каршы туруп, 1:3 эсебинде утулуп калышты.
Футболчуларыбыздын кезектеги беттеши бүгүн, 23-июнда Тажикстан жаштар курамасына каршы болмокчу.
Кошумчалай кетсек, бул мелдеш өспүрүмдөр курамасынын Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгынын алкагында өтүп жатат. 12-20-сентябрь аралыгында өтө турган тандоо турунда улуттук курамабыз тайпада Оман, Иордания жана Непал сыяктуу курамалар менен кез келет.