Америкадагы кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде кезектеги беттешин өткөрөт

27-июнда Лас-Вегас шаарында АКШдагы кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев кезектеги беттешин өткөрөт. Анын бул жолку атаандашы америкалык мушкер Маркус Вилис болмокчу. Бул тууралуу мушкердин жакындары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беттеш "Big Knockout Boxing" бокс уюму тарабынан уюшулуп жатат. Анын өзгөчөлүгү: мушкерлер 4 бурчтуу рингде эмес, тегерек аянтта кез келишет.

Кошумчалай кетсек, Урмат буга чейин 6 беттеш өткөрүп, 5 беттеште жеңүүчү аталып, 1 ирет тең чыккан. Ал эми анын атаандашы М.Вилис 4 ирет профессионал катары беттеш өткөрүп, 4 ирет жеңилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot...kg
2015-06-23 21:21:13
Ийгилик досум
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан