Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды
Бишкекте “Хизбут-Тахрир”
диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка
караганда, оперативдүү ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жашаган жерде тыюу салынган экстремисттик адабияттар, журнал, баракча, китепче, CD, DVD диск жана флеш-карта табылган. Факты боюнча кылмыш ишин козгоого материалдар чогултулууда.