Футбол боюнча учурдагы өлкө чемпиону - бишкектик "Дордойдун" курамында 2 сезон ойногон Калимулла карьерасын АКШда улантат. Футболчу эми "Sacramento Republic" клубунда ойнойт. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы футболчу "Дордойго" 2014-жылы келип кошулган. Клубдун курамында өлкө чемпиондугун, Көз карандысыздык Кубогун жана Суперкубокту ута алган. Ошондой эле 2014-жылы 18 гол киргизип, ТОП-Лиганын башкы бомбардири аталган.