Нарын. Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө кээ бир кызматкерлерге ашыкча эмгек акы жазылганы боюнча кылмыш иши козголду
Нарын облусундагы Жумгал райондук прокуратурасы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Натыйжада 2013-2014-жылдары жана 2015-жылдын 1-кварталында айыл өкмөттөгү айрым кызматкерлерге ашыкча эмгек акы берилгени маалым болгон. Жалпысынан 182 400 сом ашыкча жазылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 24-июнда билдирди. Факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.