Футбол боюнча улуттук курама команданын ак, көк жана кызыл өңдөрдөн турган формасы Орусиянын желегине түспөлдөш эмес. Тактап айтканда, футболчуларыбыз кийген формада так Орусиянын желегиндегидей өңдөр эмес, андан айырмаланган өңдөр колдонулган.
Социалдык тармактарда бул талкуу дагы да болсо уланууда. Формалар боюнча жооптуу болгон дизайнер Анна Осмоналиева өңдөр тууралуу төмөнкүдөй түшүндүрмө берет: “Биз өңдөрдү тандоодо баарын карап чыкканбыз. Биздин формалардын бир канча варианты бар. Ал жерде Ысык-Көлдүн өңүндө көгүлтүр түс, желектин өңүндө кызыл түс жана мөңгүлөрдүн өңүндө ак түс колдонулган. Орусиянын желегинде да бул өңдөр бар экенин танып болбойт, бирок түстүк гамма эки бөлөк”.
Кошумчалай кетсек, кыргыз курама командасынын оюнчулары Австралия менен ойногондон кийин окурман SUPER.KG порталына байланышып, "Орусиянын желегине түспөлдөш форма кийип алышыптыр" деген нааразычылыгын айткан.