Бүгүн, 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнчө куткаруу отрядында Спартакиада өтүп жатат. Мелдеш 1-июль – Куткаруучулар күнүнө карата уюшулуп, 26-июнда жыйынтыкталат.
ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдагандай, мелдешке 14 команда катышып, кичи футбол, волейбол жана баскетбол боюнча өз күчтөрүн сынап жатат.