11-июндан бери Чилиде футбол боюнча Америка кубогу үчүн мелдеш өтүп жатат. 25-июнга караган түнү чейрек финалда үй ээси Чили мелдештин учурдагы чемпиону Уругвайды утуп (1:0 эсебинде), жарым финалга чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда катуу тиреш болуп, футболчулар тарабынан бир катар эреже бузууларга жол берилди. Жыйынтыгында Уругвайдын оюнчулары Эдинсон Кавани менен Хорхе Фусиле кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилишти. Жеңиш алып келген жалгыз голду Маурисио Исла 81-мүнөттө киргизди.
Кошумчалай кетсек, тарыхта 44-ирет өткөрүлүп жаткан мелдешке Латын Америкасында жайгашкан 10 өлкөнүн, Түндүк Америкадагы 2 өлкөнүн курамалары катышты. Жыйынтыгында чейрек финалга 8 команда чыккан. Чилинин артынан жарым финалга дагы 3 команда алдынкы күндөрдө чыгат. Чейрек финалдагы атаандаштар төмөнкүлөр:
24-июнь: Чили – Уругвай – 1:0
25-июнь: Боливия - Перу
26-июнь: Аргентина - Колумбия
27-июнь: Бразилия – Парагвай