Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-5-июль аралыгында спорт журналисттеринин арасында 3 спорт түрүнөн мелдеш уюшулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спорт журналисттери катышып, стол тенниси, аркан тартыш жана кичи футбол боюнча күчтөрүн сынашат. Жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор каралган.
Кыргыз Республикасынын спорт журналисттеринин мелдеши ММКлар арасында достукту бекемдөө, спорттун массалык түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоого үндөө максаттарын көздөйт.