Казакстандагы мелдеште кыргыз футболчулары Беларусь өлкөсүнүн өкүлдөрү менен 7-орунду талашат

16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчуларынын курамасы кечээ, 25-июнда Казакстандын президентинин Кубогуна катышып, Испанияга 8:0 эсебинде утулду. Тайпада казакстандыктарга 3:1 эсебинде, тажикстандыктарга 2:1 эсебинде утулган футболчуларыбыз эми Беларусь футболчулары менен 7-орунду талашат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште бардык беттештерин утуп, “А” тайпасында 1-орунду алган испан футболчулары финалда “В” тайпасынын лидери Азербайжан менен кез келет. Ал эми 3-орун үчүн Казакстан жана Грузиянын жаш футболчулар тирешет. 5-орунду болсо Тажикстан менен Орусиянын футболчулары талашат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KUMU89
2015-06-26 14:34:06
Мм
0
kama_future_millioner
2015-06-26 17:42:42
Жигиттер жок дегенде 7 орунду алып калгылаа аныда Белоруска берип койбой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан