Футбол боюнча Америка Кубогунда Перу курамасы жарым финалга чыкты

Футбол боюнча Американын кубогуна арналган мелдеш кызуу уланууда. 26-июнга караган түнү Перу курамасы чейрек финалда Боливияны утуп, жарым финалга чыкты. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, оюн толук бойдон Перунун артыкчылыгы астында өттү. Беттеште перулуктардан Хосе-Паоло Герреро 3 гол киргизип, командасына ийгилик алып келди. Ал эми жооп катары киргизилген гол Марсело Моренонун ысымына жазылды.

Кошумчалай кетсек, Перу жарым финалга чыккан экинчи команда болду. Буга чейин бул баскычка Чили курамасы Уругвайды утуп чыккан эле. Дагы эки жарым финалчы 2 күн ичинде белгилүү болот. Чейрек финалдагы атаандаштарга жана жыйынтыктарга төмөндө күбө болосуз:

24-июнь: Чили – Уругвай – 1:0

25-июнь: Боливия – Перу – 1:3

26-июнь: Аргентина - Колумбия

27-июнь: Бразилия – Парагвай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bazarkyl
2015-06-26 15:40:54
болельщица кыздарды ле карайсынго дейм, барсан!
-1
bakyt_2015
2015-06-26 21:02:13
bazarkyl, Мен да ошону ойлоп койдум
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан