Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттери спорттун 4 түрү боюнча: дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси боюнча ат салышат.
Студенттик спорттун федерациясынын вице-президенти Эркинбек Абдылбаевдин айтымына караганда, кыргыз студенттери оор салмак категориясындагы таэквондо боюнча мыкты даярдыктар менен баратышат. «Биздин делегациянын катышуучуларынын арасында Азия чемпиондугунда V орунду алган Бектур Рысмамбетов жана күмүш медалдын ээси Азамат Бектурсунов бар. Тилекке каршы, бул таймашка оор салмактагы Юра Краковецкийдин катыша албай калгандыгы өкүнүчтүү. Болбосо биздин медалга жетишүү мүмкүнчүлүгүбүз мындан дагы көбүрөөк болмок. Ал ушул күндөрү Монголияда боло турган лицензиондук турга даярданып жатат»,- деди ал.
Кореяда өтө турган Жайкы Универсиадага карата форманын атайын жаңы дизайны даярдалып, спортчуларга берилди. Формада өлкөнүн желеги жана герби чагылдырылган. Таймаш спорттун бадминтон, баскетбол, бейсбол, суу полосу, волейбол, гандбол, гольф, дзюдо, жеңил атлетика, стол тенниси, сууда сүзүү, сууга секирүү, спорттук гимнастика, атуу, жаа атуу, теннис, таэквондо, кылычташуу, футбол жана көркөм гимнастика түрлөрү боюнча өтөт.