Сууда сүзүү боюнча Орусиядагы мелдеште кыргыз спортчулары 3 медаль багындырышты

24-июнда Орусиянын Обнинск шаарында сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш старт алды. КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан кабарлашкандай, мелдештин биринчи күнүндө кыргыз спортчулары 3 медаль багындырышты.

Маалыматка ылайык, Никита Пауков 100 метр аралыкка жарышта алтын медаль тагынса, Денис Петрашов 50 метр аралыкта күмүш медаль тагынды. Ал эми 400 метр аралыкты басып өтүүдө Владислав Шулеко марага үчүнчү болуп келип, коло медаль тагынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurchik05
2015-06-26 19:25:29
Азаматтар
+1
nursultan1
2015-06-26 21:14:55
Бул биринчи күндөгү жыйынтыктар, экинчи күнү 4 медаль алышкан, бүгүн үчүнчү күн өтүп жатат.
+1
milan_92
2015-06-29 00:20:41
азаматсынар жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан