16 жашка чейинки курактагы улуттук курама Казакстандын президентинин Кубогунда 8 команданын ичинен акыркы орунду ээлеп калды. Мелдешке катышкан башка курамалардын оюнчулары 17 жашка чейинки куракта болуп, биздин футболчулар бир топ алсыздык кылышты. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бүгүн, 26-июнда жыйынтыктоочу оюндар өтүп, 3 оюнун уттуруп жиберген футболчуларыбыз 7-орунду Беларусь курамасы менен талашты. Жыйынтыгында кыргыз футболчулары 3:1 эсебинде утулуп, акыркы орунду ээлегенге мажбур болушту.
Оюнда Беларусь командасына жеңишти Дмитрий Калинейко, Константин Казаков жана Ника Басариянын голдору алып келсе, кыргыз футболчуларынан Гүлжигит Аликулов айырмаланды.
Кошумчалай кетсек, Казакстандын президентинин Кубогуна арналган мелдеште тайпалык баскычта футболчуларыбыз жалпысынан 3 беттеш өткөргөн. Жыйынтыгында Казакстанга 3:1, Тажикстанга 2:1 жана Испанияга 8:0 эсебинде утулушту.