Бүгүн, 27-июнда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик клубдар "Кейжи Юнайтед" менен "Алга" беттешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Аталган эки команданын тең эсебинде төрттөн упай бар. Болгону "Алга" бул үчүн 6 оюн өткөрсө, "Кейжи Юнайтед" 10 беттеш өткөргөн. Беттеште жеңишке талапкер катары да "Алга" каралууда.
"Кейжи Юнайтед" (Бишкек) - "Алга" (Бишкек)
Башталышы: 18:30
Стадион: Бишкек, Футболдук борбор