Жалал-Абад. Алыш күрөшү боюнча облус башчынын кубогуна арналган мелдеш өтүүдө
Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алыш күрөшү боюнча өтмө Кубогу Чаткал районунда старт алды. Мелдешке облус башчысы Жумагүл Эгембердиева, облус аймагындагы район, шаарлардын башчылары келишти. Уюштуруучулар кабарлашкандай, мелдеште 70 килограммдан жогорку салмактагы спортчулар арасында жеңүүчүлөр аныкталат. Байге фонду 125 миң сом.