Бишкекте Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндө кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат
Бишкекте бүгүн, 27-июнда Улуттук
гвардиянын №714-аскер бөлүгүндө кичи футбол боюнча 5 команданын катышуусунда мелдеш старт алды. 7-ирет өткөрүлүп жаткан мелдеш кызматын
аткаруу маалында көз жумган Эркин Окошевдин жаркын элесине арналат.