Америка Кубогунда Аргентинанын футболчулары Колумбияны пенальтилер сериясында утуп, жарым финалга чыгышты

27-июнга караган түнү футбол боюнча Америка Кубогунун үчүнчү жарым финалчысы аныкталды. Чейрек финалдык оюндун жыйынтыгында жарым финалга Аргентина курамасы чыкты. Месси баштаган аргентиналыктар бул баскычта Колумбия курамасы менен кез келип, 0:0 эсебинде тең ойношту. Оюндан кийинки пенальтилер сериясында алар атаандаштарын 5:4 эсебинде утушту. 
Оюн учурунда дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири Лионель Мессинин соккусун дарбазачы Оспина чыгарып кетти. Көпчүлүк оюндагы ушул эпизодду талдап жатат. Ал эми Месси өзү: "Менин соккума Оспина жетет деп ойлогон эмесмин. Гол жаралбай калганын көрүп, өлгүм келди",- деди. 
Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган мелдеште 2 жарым финалчы аныкталган. Үй ээси чейрек финалда учурдагы чемпион Уругвайды ээрден оодарса (1:0 эсебинде утту), Перу курамасы Боливияны үйүнө айдады (1:3). 

Чейрек финалдагы атаандаштар жана жыйынтыктар:

24-июнь: Чили – Уругвай – 1:0

25-июнь: Боливия – Перу – 1:3

26-июнь: Аргентина - Колумбия - 0:0 (пенальтиден 5:4)

27-июнь: Бразилия – Парагвай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hernandez
2015-06-27 22:16:43
Аргентина чемпион, Месси чемпион
0
kgz93kg
2015-06-28 01:12:14
Счёт канча канча болду
0
kgz93kg
2015-06-28 01:12:54
Бразилия парагвай
0
kyrgyz.93
2015-06-28 11:30:14
Бразилияны утуп койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан