28-июнга караган түнү Чилиде Америка Кубогунун акыркы черек финалдык беттеши орун алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда Парагвайдын футболчулары Бразилия курамасы менен кез келип, жарым финалдык жолдомону жулуп кетишти. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Анда Робиньо 15-мүнөттө бразилиялыктарды алдыга чыгарса, парагвайлыктардан Дерлис Гонсалес 72-мүнөттө эсепти теңеди. Жыйынтыгында командалар жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныкташты. Анда парагвайлыктардын пайдасына 4:3 эсеби катталды.
Чейрек финалдык беттештердин жыйынтыгы:
24-июнь: Чили - Уругвай - 1:0
25-июнь: Боливия - Перу - 1:3
26-июнь: Аргентина - Колумбия - 0:0 (пенальтилер сериясында - 5:4)
27-июнь: Бразилия – Парагвай - 1:1 (пенальтилер сериясында - 3:4)
Жарым финалдык оюндар:
30-июнь: Чили – Перу
1-июль: Аргентина - Парагвай