27-июнда кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев АКШнын Лас-Вегас шаарында профессионалдар арасында беттеш өткөрүп, америкалык Маркус Уиллисти жеңип алды. Беттеш 4 бурчтуу рингде эмес, тегерек аянтта өтүп, муну "Big Knockout Boxing" уюму уюштурган. Анда ар бир раунд 2 мүнөттөн туруп, 69 килограмм салмактагы мушкерлер 5 раунд тирешишти. Мушкердин менеджери кабарлагандай, жыйынтыгында жеңишти калыстар бир ооздон Урматка ыйгарышты.