Кечээ, 27-июнда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик клубдар "Алга" менен "Кейжи Юнайтед" кез келди. Беттеш алгачкы мүнөттөрдөн тарта курч мүнөздө башталып, 6:0 эсебинде "Алганын" жеңиши менен аяктады. Бул тууралуу Футболдук Лигадан кабарлашты.
Маалым болгондой, бул жеңиш менен "Алга" командасы топтогон упайларынын санын 7ге жеткирип (7 оюндан), мелдеш жадыбалында алдынкы төрттүккө кайтып келди.