26-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен Жаңы-Турмуш айылынын 3 жаштагы тургуну Каныбек уулу Марселдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 27-июнда издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана туугандары тартылып, саат 14:50дө Марселдин денеси табылды. Сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди.