Кыргыз футболчусу Валерий Кичин Орусиянын Премьер-Лигасында ойнобой турган болду

Кыргыз футболчусу Валерий Кичин быйыл Орусиянын Премьер-Лигасында чыккан "Анжи" футболдук клубу менен келишимин бузду. Бул тууралуу махачкалалык клубдун расмий сайты кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, В.Кичин "Анжинин" курамына 2014-жылы кошулган. Ал кезде махачкалалык клуб Орусиянын Биринчи Лигасында ойноп баштаган. Жарым жыл бул клубда ойногон соң ал "Тюмень" клубуна ижарага берилип, сезон аягына чейин ойноду. 

Келишим боюнча футболчу сезондун аягында "Анжинин" курамына кайрадан кошулушу керек эле, бирок эки тарап келишимди бузушту. "Анжи" кийинки сезондон тарта кайрадан Орусиянын Премьер-Лигасында ойноп баштайт, ал эми Кичиндин кайсы клубда ойноору белгисиз. 

Кошумчалай кетсек, Валерий Кичин буга чейин Биринчи Лиганын бир катар клубдарында ойноп келген. Команда Премьер-Лигага чыкканда футболчу башка клуб издегенге мажбур болуп келген, себеби Жогорку Лигада башкы курамга кирүүдө атаандаштык күч болот. Валера көбүрөөк майданга чыгып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн ушул кадамга барып келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursultan1
2015-06-30 16:45:15
Эхх Валера мейли эми дагы бир сезон ФНЛде болсоң, кийинкисинде сөзсүз премьер-лигада топ тээп калаарсың, ийгилик! Тосного барсан сонун болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан